Путин: «Жер-Үй кенин иштетүүдө экологиялык нормалар сакталат»

Бүгүн Кыргызстанда Жер-Үй кенинде алтын иштетүү фабрикасы ачылып, иш-чарага Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Орусиянын президенти Владимир Путин күбө болду. Путин иш-чарага видеоконференция форматында катышты.

Жапаров инвесторлорго ыраазычылыгын билдирип, лицензия сатып алынгандан бери өлкө бюджетине жана бюджеттен тышкаркы фонддорго 1,5 миллиард сом которулганын айтты.

«Талас облусун өнүктүрүүгө жыл сайын миллиондогон, ал эми бюджетке миллиарддаган киреше түшөт. Албетте, нааразы болгондор дагы бар. Бирок биз абдан көп күч-аракет жумшадык, демек, токтоп калбашыбыз керек. Бул долбоордун аркасы менен миңден ашык киши иш менен камсыз болот. Алардын ичинен 95 пайызынан көбү кыргыз жарандары болорун айта кетейин”, — деди Жапаров.

Ал эми Путин өз сөзүндө комбинаттын ишке кириши Кыргыз-Орусия экономикалык кызматташтыгын бекемдөөгө, өнөктөштүк мамилелерди күчөтүүгө салым кошорун белгиледи.

«Бул долбоор Орусиянын Кыргызстанга жасаган инвестициясынын рекорддук көрсөткүчү. Анын көлөмү 600 миллион долларды түзөт. Талас облусундагы бул тоо-кен ишканасында эң жакшы техникалар жана шаймандар колдонулат. Экологиялык нормалар сакталат. Мунун аркасы менен айлана-чөйрөгө зыян келтирбей туруп, жылына 5 тоннага жакын алтын казып алууга мүмкүн болот”, — деди ал.

Жер-Үй — өлкөдөгү эң ири кендердин бири. Анда 90 тоннага чукул алтын бар экени белгилүү.