Путин Кыргыз өлкөсүндө кырдаал турукташканына кубанычта экенин айтты

Орусия жана ЖККУнун мүчөлөрү Кыргыз өлкөсүндөгү президенттик шайлоо мыйзамдарды көзөмөлдөө менен эң жогорку деңгээлде өтүшүнө кызыкдар. Бул тууралуу Орусиянын президенти Владимир Путин билдирди.

“Кыргыз мамлекетинин ички саясий жашоосунда болуп жаткан окуяларга такай чочулоо менен көз салып келгенбиз. Азыр өлкөдө кырдаал турукташып жатканы кубандырат. Мындан ары турукташуу жолуна түшүп кетүүсүнө да ар кандай колдоо көрсөтөбүз. Эки тараптуу планда Орусия кыргыз экономикасын, социалдык тармагын колдоого өтө көп иш жасап жатат”, — деди Путин. Анын айтымында, ички туруктуулук жок болсо, анда оңдуу жыйынтыкка да жетүү мүмкүн эмес.