Путин параддан кийин 5 лидерди дасторконго чакырган. Ага эмне үчүн Садыр Жапаров катышкан жок?

Орусиянын президенти Владимир Путин кечээ, 9-майда параддан кийин беш өлкөнүн лидерлерин дасторкон үстүндө кабыл алган. 

Москвада Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 78 жылдыгына арналган парадга Беларустун президенти Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов жана Армениянын премьер-министри Никол Пашинян ардактуу конок катары катышты. Жапаров менен Лукашенко дасторкон үстүндөгү кабыл алууда болгон эмес.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев анын себебин түшүндүрдү. Анын айтымында, президент Садыр Жапаров 8-майда КМШ өлкөлөрүнүн лидерлери үчүн бейформал кечки тамактанууга катышкан.

«Кийинки күнү, 9-майда парад аяктаган соң кыргыз делегациясы расмий сапардын алкагындагы иш-чарага – Орусия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен сүйлөшүүлөргө барды», — деди ал.