Рахман Разыков: «5-октябрды Сооронбайдын акыркы күнү деп атамакмын»

«Супер ТВ» каналынын «Саясий коктейль» берүүсүнө куудул Рахман Разыков маек берди. Ал 5-октябрда болуп өткөн элдик толкундоолорду «Сооронбайдын акыркы күнү деп атамакмын» дейт.

«Эмне үчүн? Анткени ошол толкундоолорго элди Сооронбай өзү жеткирди да. Мен анын жанында жүргөн кеңешчилерине таң калам. 13 партия көчөгө чыгып, нааразычылык айтып жооп күттү. Элге чыгып, БШКны чакырып, «мындай, тигиндей эреже бузуулар болуптур, иш козгогула, шайлоо жыйынтыгы жокко чыксын, бир жарым айдан кийин кайра шайлоо өтөт, мынабу 3 партияны жокко чыгардык» деп эле койсо бүтмөк.  Кээде ошондой акыл айткан адам жанында жок калабы деп ойлойм»,- дейт ал.

Маекти толугу менен шилтемеден табасыз.