Рахман Разыков: «Ар шайлоо сайын партиясын алмаштыра берген саясатчыларга такыр түшүнбөйм»

«Саясий коктейль» берүүсүндө бул ирет куудул Рахман Разыков конок болду. Ал сөзүнө, принциптерине, көз карашына туруктуу саясатчыларды баалай турганын айтат.

«Мен туруктуу саясатчыны сыйлайм. Көз карашын улам өзгөртө бербеген, системдүү программасы бар саясатчыны сыйлайм. Ал — «Бүтүн Кыргызстан». Жанагы шайлоо сайын партиясын алмаштыра берген саясатчыларды мен такыр түшүнбөйм.  Булар бала-чакасына эмне деп айтат деп эле ойлоно берем. Эртең баласы сурасачы, «ата, кечээ сен тиги партияда элең, бүгүн мында, эмнеге?» десе эмне деп жооп берет? Бизнести коргодум дейби? Андай болсо жөн эле бизнесин кыла бербейби, саясаты жок эле?»,- дейт куудул.

Маекти толугу менен шилтеме аркылуу табасыз.