Рахман Разыков: «Депутаттар «Чимкириктер» деген атка караганда «Койлор» дегениңер эле жакшы болчу экен дешет»

«Супер ТВ» каналы бул ирет «Саясий коктейль» берүүсүнө өлкөгө белгилүү куудул, 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоого «Бүтүн Кыргызстан» партиясынан талапкер катары катышкан Рахман Разыковду конокко чакырды.

Куудул өз маегинде эл арасында классикалык саясий тамашага айланып кеткен 120 кою бар жигит тууралуу интермедия, ал тамашага карата эл өкүлдөрүнүн мамилесин айтып берди.

«Алгач катуу чычалашып, сотко беребиз деп чыккандар болду. Мен жакшы тааныган депутаттар нааразы болуп жүрүштү, «бизди койго теңедиңиз» деп. Анан Алмазбек Атамбаев аларды «Чимкириктер» дегенден кийин бир тобуна жолугуп сурадым, эми кандай болду деп. «Койлор» деп атаганыңар эле жакшы болчу экен дешти»,- дейт куудул.

Маекти толугу менен шилтеме аркылуу көрүңүз.