Рахман Разыков: “Жаңы келген бийлик жооп берүүдөн качыш үчүн Баш мыйзамды өзгөрткөнгө кызыкдар”

“Жаңы келген бийлик жооп берүүдөн качыш үчүн Баш мыйзамды өзгөрткөнгө кызыкдар”. Мындай пикирин куудул Рахман Разыков СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.

“Кайсы бийлик келбесин Баш мыйзамды өзгөрткөнгө кызыкдар. Кээ бир мамлекеттерде 100 жылдап өзгөрбөйт. Буга ким кызыкдар? Ар бир келген бийлик өзүнүн кийинки жасай турган кадамдарын мыйзамдаштырып, жооп берүүдөн качыш үчүн өзүнө ыңгайлуу Конституцияны өткөргөнгө аракет кылат. Бул эң башкы себеби”, — деди Разыков.