Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровду жана Кыргыз элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 76 жылдыгы менен куттуктады.
«9-май — биздин өлкөлөрдүн заманбап тарыхындагы маанилүү дата. Кыргыз-тажик достук, ынак коңшулук жана кызматташтык мамилелери мындан ары да элдерибиздин түпкү кызыкчылыктарына ылайык өнүгө берет деп ишенем», — деп айтылат Эмомали Рахмондун куттуктоосунда.
Тажик президенти Садыр Жапаровго чың ден соолук, бакыт-таалай жана жаңы ийгиликтерди, ал эми Кыргыз жарандарына тынчтык, бакубатчылык жана өнүгүү каалады.