«Рахмон принциптен тайып жатканы өкүнүчтүү». Садыр Жапаров кайсы декларацияны эске түшүрдү?

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-сентябрда, Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясынын жалпы дебаттарында сөз сүйлөдү. Ал дүйнө коомчулугунун назарына кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалдын кезектеги курчушуна байланыштуу соңку окуяларды эске алып, чек арада түзүлгөн жагдайларды билдирди.

«Советтер Союзу юридикалык жактан 1991-жылдын 21-декабрында Казакстандын Алма-Ата шаарында тараган, мында 11 көз карандысыз мамлекеттин башчылары “Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигин түзүү жөнүндө” Алма-Ата Декларациясын кабыл алышкан. Анда көз карандысыз мамлекеттер бири-биринин аймактык бүтүндүгүн жана учурдагы чек араларынын бузулбастыгын тааныйт жана урматтайт деп белгиленген. Бул юридикалык документке Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин 11 мамлекетинин президенттери, анын ичинде Тажикстандын президенти да кол койгон.

Андан кийин 1994-жылдын 15-апрелинде “Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин суверендүүлүгүн, аймактык бүтүндүгүн жана чек араларынын кол тийгистигин сактоо жөнүндө” Москва Декларациясында бул принципти Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон өзү да ырастаган. Кол коюп, макул болгон. Бирок азыр ал принциптен тайып жатканы өкүнүчтүү», — деди ал.