Райымбек Матраимов мамлекетке убада кылган сумманын 34 пайызын гана төлөдү

Бажы кызматынын төрагасынын экс-орун басары, үй камагында отурган Райымбек Матраимов 30-ноябрга чейин мамлекеттин эсебине 2 миллиард сом котором дегенине карабастан, аны убагында жасай алган жок. Жалпысынан анын атынан атайын эсепке 646 миллион сом түшкөн.

20-октябрдан 30-ноябрга чейин ал 536,2 миллион сомду бир нече транш менен которгон. 4-декабрга Финансы министрлигинин эсеби дагы толукталган. Муну департаменттен тастыкташты. Маалыматта көрсөтүлгөндөй, Матраимовдон 688,7 миллион сом түшкөн. Жалпысынан депозиттик эсепке 725,1 миллион сом келип түшкөн. Дагы 17 миллиону жеке адамдардын ыктыярдуу каражаттары болгон.

Ошентип, Матраимов учурда жарыяланган сумманын 34,4 пайызын гана которууга үлгүргөн.