Райкүл Жапарова мурдагы вице-премьер Эркин Асрандиевдин билдирүүсүнө жооп берди

Садыр Жапаровдун бир тууганы Райкүл Жапарова мурдагы вице-премьер Эркин Асрандиевдин билдирүүсүнө жооп берди. Тагыраагы Асрандиев буга чейин эмне себептен Садыр Жапаровдун командасында иштөөдөн баш тартканын түшүндүрүп, анда Райкүл Жапарова “Ысык-Көл банкын” жетектеп турганда, мыйзамсыз операциялар жүргүзүлгөн деген.

Бул боюнча Жапарова төмөнкүдөй билдирүү таратты: “Урматтуу, Эркин Асрандиев! Мен мурдагыдай эле “Ысык-Көл банкынын” акционеримин. Акционер катары сизден отчёт талап кылам. 2013-жылы аталган банкта консерватор катары эмгектенип, эмне кылдыңыз? Канча акча таптыңыз? Иш-сапарларыңызга канча акча короттуңуз? Тагыраагы, акционерлердин канча каражатын жумшадыңыз?

Сиз, “Райкүл Жапарова Максим Бакиев жана анын жакындары менен биргеликте мыйзамсыз операцияларды жүргүзгөн” деп айтып жатасыз. Уруксат болсо кайсы мыйзамсыз операцияларды жүргүзгөнүмдү тактап берсеңиз? Качан жана ким менен? Документтерге таянуу менен жооп берүүңүздү суранам. Ошондой эле “Садыр Жапаров мыйзамсыз операциялар тууралуу билген” деп жатасыз. Ал кайдан билиши мүмкүн? Бардык банктык операцияларды кардардан башка эч ким биле албайт. Банк Садыр Жапаровго да, Райкүл Жапаровага да тиешеси жок. Сиздин банктык системада 8 жылдык тажрыйбаңыз болгону менен, банктык мыйзамдарды билбейт окшойсуз” деген Райкүл Жапарова.