Равшан Жээнбеков: «Бул видеодон кийин башкы прокуратура бизди айыптоодон баш тартышы керек»

«Интернетке тараган Кой-Таш окуялары боюнча чуулгандуу видеодон кийин башкы прокуратура учурда бул иштин чегинде айыпталып жаткандарды айыптоодон баш тартышы керек. Мыйзамда ушундай тартип бар»,- дейт саясатчы Равшан Жээнбеков.

«Мыйзам талабына ылайык, Кой-Таш окуялары сыяктуу операцияларда УКМК, ИИМ дагы жоокерлердин кийиминдеги видеорегистратор аркылуу баарын ачык-айкын тартышы керек. Бирок Кой-Таш окуяларын тергөөдө УКМКнын ошол кездеги кызматкерлери, жетекчилиги видеолор жоголуп кетти деп бирин дагы тиркебей коюшкан. Ал түгүл операцияны дрон аркылуу тартышып, анан ал видеону да жоголуп кетти деп тергөө материалдарына тиркебей коюшкан. Албетте, ал видеолор жоголгон эмес. Болгону УКМКнын иш-аракеттеринде мыйзам бузган иштер көп болгону үчүн аны «жоголуп кетти» кылып жашырып салышкан. Эми ич ара териштирүү, бири-биринен шектенүү башталган көрүнөт, минтип видеолор чыгып баштады. Эми мындан ары эмне болушу керек: 1.Видеодон көрүнүп тургандай, «Альфа» кызматкерлери үйдүн ичинде эч бир куралы жок, эч кандай каршылыгы да жок, жөн эле турган жаш балдарды сабап, уруп, тепкиге алып жатат. 2.Буга чейин «Альфа» кызматкерлери да, УКМК жетекчилери да иштин баарын каза тапкан Үсөн Ниязбековго шылтап келишкен. Ал эми видеодо көрүнүп тургандай, ал жерде УКМК жетекчилери граждандык кийимчен, ишти башкарып жүрүшөт. Биз ар биринин аты-жөнүн тактайбыз. 3.Башкы прокуратура бул видеодон кийин Кой-Таш окуялары боюнча азыр сотто жүрүп жаткан процессте айыпталып жаткан адамдарды айыптоодон баш тартышы керек. Мыйзамда мындай тартип каралган. Айыпсыз эле жарандар күнөөлөнө бербеши керек да? Аны камсыз кылуучу орган — Башкы прокуратура. 4.Бул видеодон кийин иш кайра тергөөгө жөнөтүлүп, объективдүү, ачык-айкын, адилет тергөө жүрүшү зарыл. Тергөө Кой-Таш окуяларына ким күнөөлүү экенин кайрадан аныктап чыгышы керек. 5.Биз ушуларды талап кылып сотко сөзсүз өтүнүч келтиребиз»,- дейт Равшан Жээнбеков.

Эске салсак, 2019-жылдын 7-8-августунда Кой-Таш айылында, Алмазбек Атамбаевдин үйүндө орун алган окуяларга айыпталып, экс-президент өзү баш болгон 19 жаран айыпталууда. Иш учурда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда кароодо.