Равшан Жээнбеков депутаттыкка ат салышарын, бирок БШК документтерди кабыл албай жатканын айтты (видео)

2019-жылы Кой-Ташта болгон окуя боюнча айыпталып жаткан экс-депутат Равшан Жээнбеков депутаттыкка ат салышууга ниеттенүүдө. Бул тууралуу ал журналисттерге билдирди.

Мурдагы эл өкүлүнүн айтымында, БШК анын документтерин кабыл албай жатат. «Мен өзүмдүн ордуна документтерди тапшыруу үчүн ишеним кат менен өкүлүмдү жөнөттүм. Борбордук шайлоо комиссиясы аларды кабыл албайт, аларды өзүм алып барышым керек экен. Муну кантип кылам, тергөө изоляторунан чыгамбы? Мен бир мандаттуу система менен барууну ниет кылам», — деди ал.