Равшан Жээнбеков Садыр Жапаровдун Алтын комиссиясын оппозиция жетектесин деген сунушун кабыл алышканын айтты

Саясатчы Равшан Жээнбеков Садыр Жапаровдун Алтын комиссиясын оппозиция жетектесин деген сунушун туура кабыл алышканын айтып, оппозиция жетектөөгө жана мүчө болууга даяр экенин жазды.

«Бийликтен бул боюнча конкреттүү сунуш күтөбүз»,- деди ал.

Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине маек берип жатып, «текшерүү комиссиясынын башына оппозициядан коюшсун» деген эле. «Эң сабаттуу депутатты комиссиянын башына коюп, былтыртан берки алтындын ар бир граммын текшерип чыгышсын. Коомчулуктун атынан Азимбек Бекназаровду, алтындын «а» тамгасынан түшүнүгү жок жаш балдар чыгып атышат, аларды да кошуп алса болот. Алтын боюнча тагыраак маалымат билип алгандары өздөрүнө да жакшы болот. Канча алтын чыкты, кайда, канчадан сатылды жана башка бардык суроолуу маселелери болсо текшерип чыгып, элге ачык жарыялашсын»,- деген.