Равшан Жээнбековдун кайненеси Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевге кайрылды

Равшан Жээнбековдун жубайы Салкынай Алимбаеванын апасы президент Садыр Жапаров менен УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевге кайрылды.

90 жаштагы Рахима Алимбаеванын кайрылуусун Archa media YouTube каналы жарыялады.

«Эмнеге ушундай акыбалга келтирип койдуң? Балам, мен баатыр энемин. 8 баланы тарбиялагам. Баарын окуттум, чоңойттум. Мен 90 жашка келдим. 90го келгенде жакшылыгын көрөм дегенде ыйлап калдым. Күйөө балам камалды. Кызымды камадың. Ошончо эмне болду? Алардын кызы жалгыз калды. Бүгүн кызынын туулган күнү. Ыйлап, таң атканча ооруп чыкты. Менин балам саясатка кошулбаса, 4 баланы төрөдү, өстүрдү. Кызым, күйөө балам чыксын, мага топурак салсын. Кызым менен баламды чыгаргыла. Садыр балам, Камчы балам ырайым кылгыла. Силерди да эне өстүргөн», — деди ал.