Равшан Жээнбековго өлкөдөн чыгып келүүгө уруксат берилген жок

Бишкектин Биринчи Май райондук соту экс-депутат Равшан Жээнбековдун чет өлкөгө барып келүү арызын канааттандырган жок. Бул тууралуу саясатчы соцтармактагы баракчасына жазды.

Анын жазган маалыматына караганда, ага оппозиция лидерлеринин бири катары Вильнюстагы «Эркин Орусия» конгрессине катышууга чакыруу келген. Иш-чара 31-августтан 2-сентябрга чейин өтөт. Саясатчы ал жерде «Орусиянын Борбор Азиядагы саясаты» деген темада баяндама жасаганы жаткан. Ал эми жыйынга онлайн катышып, баяндама жасарын жазды.