Режеп Тайип Эрдоган Садыр Жапаровду иш сапар менен Түркияга чакырды

Президент Садыр Жапаров Түркиянын башчысы Режеп Тайип Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Түркия лидери Садыр Жапаровду Кыргызстандын президенти кызматына киришкендиги менен дагы бир ирет куттуктап, аны Түркияга иш сапары менен келип кетүүгө чакырды.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө өлкө башчылары эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуудагы актуалдуу темаларды, стратегиялык өнөктөштүктүн алкагында буга чейин жетишилген келишимдерди ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.

Садыр Жапаров Режеп Тайип Эрдоганды туулган күнү менен куттуктап, ага бекем ден-соолук жана мамлекеттик лидер катары ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди каалады. Ошондой эле пандемия учурунда Түркия Кыргызстанга көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

Өз кезегинде Садыр Жапаров да Режеп Тайип Эрдоганды Кыргызстанга иш сапар менен келип кетүүгө чакырды.