Бүгүн, 2-мартта парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинин жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Турусбеков референдумду жергиликтүү кеңештин шайлоосу менен чогуу өткөрүү сунушун киргизди.
«Жергиликтүү кеңешке шайлоо 11-апрелге белгиленген. Бюджеттин чектелүү экендигин эске алып, референдум менен жергиликтүү кеңештин шайлоосун бирге өткөрүү сунушталат», — деди Турусбеков.
Белгилей кетсек, жергиликтүү кеңештерге шайлоо 11-апрелде 28 шаарда жана 420 айылдык кеңеште өткөрүлөт.