“Референдум тууралуу” мыйзам долбоору парламенттин кароосуна келип түштү

Бүгүн, 3-декабрда Жогорку Кеңештин талкуусуна “Референдум тууралуу” мыйзам долбоорун биринчи окууда алып чыгышты. Мыйзам долбоору мурдагы депутат, азыркы башкы прокурор Курманкул Зулушевге таандык.  Мындан улам мыйзам долбооруна учурда депутат Акылбек Жапаров автор болуп жатат.

Документке ылайык, референдумду 10-январга дайындоо сунушталып, анда жарандарга “Сиз Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруунун кайсы формасын колдойсуз?” деген суроого добуш бериши керек болот. Жооптордун варианттарында президенттик деген өзүнчө графа, парламенттик деген өзүнчө графа каралган. Дагы бир суроо кошулары айтылууда, анда парламенттик шайлоого байланыштуу собол болот.

Жогорудагы маселени талкуулоого эл өкүлдөрү Дастан Бекешев менен Жанар Акаев каршы чыгышты. Алардын айтымында, документти депутаттардын бири да көргөн эмес.