Референдумдун расмий жыйынтыгы жарыяланды

Бүгүн, 30-апрелде Борбордук шайлоо комиссиясы Конституциянын жаңы долбоорун кабыл алуу боюнча өткөн референдумдун расмий жыйынтыгын жарыялады. Алардын маалыматына караганда, референдумга 1 миллион 322 миң 124 адам катышты. Бул жалпы шайлоочулардын 36,66 пайызын түзөт.

Конституциянын жаңыланган редакциясына 1 миллион 322 миң 124 адамдын ичинен 79,3 пайызы макул болсо, 13,72 пайызы каршы добуш берген. Бардык 54 аймактык шайлоо комиссиясынын протоколдору кабыл алынып, бекитилди. Референдумдун расмий жыйынтыгына БШКнын 9 мүчөсү макул болуп, 2 мүчөсү каршы болду.

Референдум 11-апрелде өткөн.