Референдумга дагы эки үгүт тобу катталды

Бүгүн, 22-мартта Борбордук шайлоо комиссиясы Конституциянын жаңы долбоору боюнча референдумга дагы эки үгүт тобун каттады. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү катталгандар менен үгүт топторунун саны 15 болду. Алардын он экиси референдумда «макул» деп добуш берүүгө болсо, үчөөсү «каршы» деп добуш берүүгө катталган.

Конституциянын жаңы долбоору боюнча референдум 11-апрелде жергиликтүү кеңештердин шайлоосу менен кошо өтөт. Мындай чечим 11-мартта Жогорку Кеңештин депутаттары референдумду өткөрүү боюнча мыйзам долбоорун кабыл алышып, ага президент Садыр Жапаров 12-мартта кол койгонунда белгилүү болгон.