“Реформа” партиясы Бишкек шаардык кеңештин шайлоосунун алдын ала чыгарылган жыйынтыктары менен макул эмес. Бул тууралуу партиянын лидери Клара Сооронкулова билдирди.
Анын айтымында, алар добуштарды кайрадан санап чыгууну талап кылат.
“Шайлоонун жыйынтыгы чыккыча күтүп туруу керек. Шайлоо 100 пайыз таза өткөнүнө көзүбүз жетпейт. 2020-жылдын октябрь окуялары шайлоочуларга сабак болот деп ойлогонбуз. Шайлоочуларды сатып алуу болгон, көптөгөн фактылар катталган. Мыйзам бузуулар болгон жерлерде жыйынтыктарды жокко чыгарууну талап кылабыз. Тактап айтканда, биз добуш берүү үчүн жайдан тышкаркы добуштарды кайра саноону талап кылабыз. Шайлоо тилкесинен тышкаркы жерде добуш берген шайлоочулардын жалпы тизмесин кайра карап чыгуу керек”,- деди ал.
Саясий уюм нааразычылык акцияларын уюштурууну көздөбөрүн айтты.
Алар өз билдирүүсүндө байкоочулар шайлоо өнөктүгү учурунда дагы, шайлоо күнү дагы көптөгөн мыйзам бузууларды аныкташкандыгын, социалдык тармактарда көптөгөн видео далилдер бар экендигин белгилешти.










