“Реформа” саясий партиясы шайлоого катышуу үчүн төлөнгөн күрөө акысын кайтарууну талап кылууда

“Реформа” саясий партиясы шайлоого катышуу үчүн төлөнгөн күрөө акысын кайтарууну талап кылууда. Алардын айтымында, учурда БШК партиялар төлөгөн 5 миллион сом күрөө акыны мыйзамсыз кармап отурушат.

“Шайлоо жыйынтыгы жокко чыгарылды. Жаңы парламенттик курам шайланган жок. Демек, шайлоого катышуу үчүн төлөнгөн күрөө акылар кайтарылышы керек” дешет алар.

Белгилей кетсек, 2020-жылдын 5-октябрында элдик толкундоолордун жыйынтыгында парламенттик шайлоонун жыйынтыгы Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан жокко чыгарылган.