Кечээ, 10-октябрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында кыргыз-өзбек чек арасын тактоого байланыштуу маселе каралды. Ал президенттин айтымы менен ачык өтмөк, бирок жыйынга келгенде техниканын бардык түрүн жыйынга алып кирүүгө уруксат берилген жок. «Президент айткандай талаш жерлердин 99 пайызы биздин пайдабызга чечилиптирби? Кандай жагдайда сиз бул макулдашууга каршы чыгасыз?» деген суроо менен жыйынга катышкандарга кайрылдык.
Укук коргоочу Рита Карасартованын айтымында, бир дагы документ көрсөтүлгөн жок. «А кана документ десе, «пикир алышуу болуп жатпайбы» дешти. Залда бир эле УКМКнын камерасы видео тартып жатат. Эртең баарыбыздын бетибизди чаптайт да, «коомдук угуу болду, баары колдоду» деп туруп беришет. Комитет мүчөлөрүнөн 9у эле отурат. Бул Кыргызстандын кызыкчылыгын сатуу болбогондо эмне? Эртең алар чек араны жылдырып алышат», — деди ал.