Роза Отунбаева Айзаданын өлүмү тууралуу: «Жунушалиевди Жээнбеков калкалап койгон. Жапаров ал катаны кайталабашы керек»

Кечээ, 7-апрелде киши колдуу болгон Айзаданын өлүмүнө жооптууларды Садыр Жапаров аёосуз жазалашы керек. Бул туурасында экс-президент Роза Отунбаева СуперТВ каналынын «Саясий коктейль» берүүсүндөгү маегинде билдирди.

Ал кечээ жакында эле Аксыда 7-класстын кызы төрөгөндө мектеп директору кызматтан кеткенин эскерте кетти.

«Бурулайдын өлүмү Жунушалиевдин (мурунку ИИМ жетекчиси — ред.) убагында болду. Сооронбай Жээнбеков Жунушалиевди аябай мактачу. Ошондо да  коргоп, калтырып койду. Анан эмне менен бүттү анын тагдыры? Бүгүн Садыр Жапаров бул окуя боюнча абдан катуу чечим кабыл алышы керек, милицияны эсине келтирип. Аларды коргогондун мааниси жок экенин түшүнүшү керек. Анткени ошолор эле кайра сени сызга отургузуп коёт.

Бүгүн депутат Айсулуу Мамашова «аял киши катары өзүмдү коомдо коопсуз деп сезбейм» деп айтып атат. Биз баарыбыз эле коопсуз сезбейбиз. Эл аралык репутацияны айтпай эле коёюн. Эртең эле ар бир дүйнөлүк ЖМКга чыгарыбызга 100% кепилдик берем. Биз өзүбүздү жапайы көрсөтүп атабыз», — деди Отунбаева.