Роза Отунбаева: «Атамбаев Убактылуу өкмөттүн бирин да жанына жолотпой койду»

Биз убактылуу өкмөт катары Алмазбек Атамбаевдин жанында болгонго аракет кылдык. Бул тууралуу экс-президент Роза Отунбаева СуперТВ телеканалынын «Саясий коктейль» берүүсүндө билдирди.

«Бирок ал президенттин саясаты ушундай болду «менин буларга такыр тиешем жок, мен өзүмчөмүн, асмандан түшкөм» деген мааниде, ушундай саясатты жүргүздү. 6 жыл ичинде Убактылуу өкмөттүн бирин да жолоткон жок жанына. Жумуш берген жок. Берсе да кадыр-колко кылып, четтеги маргиналдуу жумуштарды берди. Бул кишинин кеңеш бере тургандары башка адамдар болду. Булардын өздөрүнүн башка модели болду, ошо менен кете беришти. Акыркы убакта Жээнбековду кантип чыгарды, экөөнүн ортосунда эмне болду, менин деле так кабарым жок», — деди Роза Отунбаева.