Роза Отунбаева: «Төрт тоонун ортосунда отура беришсин, анда ошол депутаттар. Кыйын болуп»

Кыргызстанда иш алып барып жаткан бейөкмөт уюмдардын ишин сындап, аларды жабууга аракет кылуу -түркөйлүк. Бул тууралуу экс-президент Роза Отунбаева СуперТВ телеканалынын «Саясий коктейль» берүүсүндөгү маегинде билдирди.

«Алардын арасында Жогорку Кеңештин депутаттары бар деп жатасыңар. Эмне депутаттары алар аркылуу бизге канча жардам келип жатканын билбейби? Биз ошонун эсебинен мына 30 жылдан бери жашайбыз. Аларсыз эле жашайбыз десеңер, анда экономиканы көтөргүлө. Канчасы жыйынга келбейт. Бүгүн казино десе, жапырт баары келип атат. А керектүү мыйзамдарды карап атканда келишпейт. Алардын мен жөнүндө айтканына кабагым-кашым дебейм. Баарыбыз биздин коом кантип курулуп атканын билишибиз керек. Бейөкмөт уюмдар болгон үчүн аялдардын кризистик борборлору курулуп атат. Азыр өкмөттү ар бир районго кризистик борбор түз десең, анча акчасы жок. Ушул күнгө чейин чет өлкөлөрдүн каржылоосу менен ошондой борборлор ачылып атат. Анда төрт тоонун ортосунда отура беришсин, ошол депутаттар. Кыйын болуп», — дейт Роза Отунбаева.