Роза Отунбаева Июнь коогалаңы жөнүндө: «Консолидацияга келбейлиби?!»

Июнь окуясы тарыхыбыздагы трагедия болду. Азыр деле аны кайталанбайт деп айта албайбыз. Бул туурасында экс-президент Роза Отунбаева «Саясий коктейль» берүүсүндөгү маегинде билдирди.

Ал президент Садыр Жапаровдун Июнь коогалаңы кайра иликтенет деген сөзүнө кайрылып, кара ящикти ачпай эле коюуну эскертти.

«Мейли, 2010-жылды карасын, көрсүн. Биздин да айта турган көп сөздөрүбүз бар. Биздин ошондогу сөздөрүбүз ачылып кетсе, кандай болот экен… Мен мисалы аларга, Жапаровго, Ташиевге, ушундай кеңеш берет элем — ачпагыла ал кара ящикти.

Биздин убактылуу өкмөт абдан чоң аракет жасап, эл аралык коомчулуктун салымы менен жапканбыз муну. Дүйнө коомчулугу «кыргыздар геноцид жасады» деп күнөөлөп башташкан. Биз ошонун баарын пункт-пункт менен айтып берип, аларды андай эмес экенине ишендире алдык.  Биз өзүбүзгө эл аралык комиссияны киргизгенибиз үчүн бизге ишеништи. Бир топ өнөктөштөр аларды киргизбегиле дешкен. Ошол комиссияда абдан атактуу, эл аралык кагылыштарды чечип жүргөн юристтер бар эле. Алардын аркасы менен мунун баарын жаптык эле. Анан бүгүнкү күнү кыргыздар, кайсы жерибиз кычышып атат? Кайсы жерибиз тынчыбай атат? Коомду бириктиришибиз керек! Биз ушунун үстүнөн иштешибиз керек да!» — дейт экс-президент Роза Отунбаева.