Роза Отунбаева: «Жээнбеков «мага жардам бербей, сындап туруп алдыңар» деп жүрөт»

Жээнбеков бүгүнкү күндө мага жардам берген жоксуңар, баарыңар критикалап туруп алдыңар деп жүрөт. Бул туурасында экс-президент Роза Отунбаева СуперТВ телеканалынын «Саясий коктейль» берүүсүндөгү маегинде билдирди.

«Жээнбеков буга чейинки окуялардан сабак алса болмок. Бирок өткөн нерседен сабак алыш үчүн да курч акыл керек экен. Тегерегинде туура адамдар болушу керек экен. Артка эмес, алдыга алып бара турган ойлор керек экен. Андай болбой калды. Жээнбековду коррупция жеп койду», — деди экс-президент Роза Отунбаева.

Толук маекти шилтемеден көрө аласыз.