Роза Отунбаева: «Азыркы бийлик сөз эркиндиги маанилүү экенин түшүнсө…»

Биз сөз эркиндиги боюнча Орто Азия мамлекеттеринин алдында болчубуз. 2021-жылдан баштап биздин мамлекет демократиялык өлкөлөрдүн катарынан чыгып кетип жатат. Бул туурасында экс-президент Роза Отунбаева СуперТВ каналынын «Саясий коктейль» берүүсүндө билдирди.

«Саясий эркиндик, сөз эркиндиги — өтө маанилүү. Ошону азыркы бийлик түшүнсө… Биздин коом тез өсүп атат. Азыркы коомдун оозун жаап, подвалга отургузуп коё албайсың. Өзгөчө жаштарды. «Элүү жылда эл жаңы» деген сөз бар го. Бизде 30 жылда эле эл жаңыланды. Биз азыр жаштардын идеясы менен жашашыбыз керек. Алар кандай коомдо жашагысы келет, ошону эске алышыбыз керек. Алар жөн отурган жок, чет жактарды көрүп келген жаштар. Алардын көз карашы башка. Бүгүн биз үчүн абдан чоң чакырыктар турат. Биз чоң талаптарга жооп беришибиз керек», — дейт Роза Отунбаева.

Маекти толугу менен шилтемеден көрө аласыздар.