Марафондун уюштуруучулары анклавдарды алып салуу менен Кыргызстандын картасын бурмалаганын депутат айтып чыкты (сүрөт)

Run Silk Road марафонунун уюштуруучулары Кыргызстандагы анклавдар көрсөтүлбөгөн картаны логотип катары колдонуп жатышат. Бул тууралуу депутат Исхак Пирматов Facebook баракчасына жазып чыкты.

«Кыргызстандын «Эл аралык марафон дирекциясы» бейөкмөт уюмуна, Coca-Cola компаниясынын Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнө, http://runthesilkroad.com/ сайттын иштеп чыгуучуларына жана логотиптин дизайнерлерине карата тезинен чара көрүү керек. Алар атайылап өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарына каршы келген жалган маалыматтарды берип жатышат», — деп жазылат эл өкүлүнүн билдирүүсүндө.

Депутат дизайнерлердин иши жаңылыштык же кетирилген кемчилик эмес, тескерисинче диверсиялык мүнөздө болуп, бул чындыкты атайылап бурмалоо, такталбаган маалыматтарды таратуу дейт. 

«Бул логотип, белгилүү болгондой, бир жыл эмес — 2017-жылдан бери колдонулуп келе жатат! Биздин атайын кызматтар беш жыл бою эмнени карашты — бул дагы бир суроо. Аны афишалардан жана плакаттардан, веб-сайттардан, социалдык тармактардан, бөтөлкөдөгү Bon aqua ичүүчү суунун этикеткаларынан, стенддер жана желектер түрүндө табууга болот. Бул карталар шаардын бардык жерлериндеги жарнамалык баннерлерде илинип турат, бөтөлкөлөр бүткүл өлкө боюнча дүкөндөрдүн текчелеринде, уюштуруучулар иш-чаралар өтө турган жерлерде стенддер коюлган”, — деди Исхак Пирматов.

Ал логотипке заказ бергендер жана аны ойлоп тапкандар жазаланышы керек деп эсептейт.