Руслан Казакбаев Бириккен Улуттардын Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун өкүлү менен жолукту

Бүгүн, 23-апрелде тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Бириккен Улуттардын Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) башкы директорунун орун басары Владимир Рахманин менен жолугушуу өткөрдү. 

Анын жүрүшүндө 49.9 млн. долларлык жалпы бюджет менен Жашыл климаттык фонд (ЖКФ) менен бирдикте ФАОнун «Кыргыз Республикасында токойлорго жана жайыттарга инвестициялардын ортомчулугу аркылуу углеродду секвестрациялоо» долбоорун ишке киргизүү маселеси талкууланды.

Владимир Рахманин долбоорду ишке киргизүү үчүн кыргыз өкмөтү олуттуу иштерди жасаганын, эми бир катар юридикалык маселелерди жөнгө салуу калгандыгын белгиледи.

Өз кезегинде, министр Руслан Казакбаев бул маселелер боюнча эки тарап бири-биринин көз караштарын жана мүмкүнчүлүктөрүн түшүнүүгө жетишишкени баса белгиленди, ошондой эле алар боюнча белгилүү прогресстер болгону таанылды. Бул контекстте Кыргыз Республикасынын улуттук мыйзамдарына ылайык маселени чечүүнүн өз ара ыңгайлуу вариантын табуунун маанилүүлүгү белгиленди.

Тараптар ФАО менен ЖКФнын биргелешкен долбоорун тез арада ишке киргизүүгө умтула тургандыгын өз ара белгилешти жана талаш-тартыш учурларды чечүү үчүн диалогдорду интенсификациялоого даяр экендиктерин билдиришти.

Мындан тышкары, жолугушуунун жүрүшүндө ФАО менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташуунун бир катар жалпы маселелери талкууланды. Тактап айтканда, министр Р.Казакбаев ФАОнун долбоордук ишмердүүлүгүнүн алкагында, айрыкча «жаңгак» жана «өрүк» түрлөрүнө басым жасап, кыргыз продукцияларынын уникалдуулугунун концепциясын ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну жана Кыргызстандын атынан чыккан продукт катары аларды географиялык индикаторлордун  эл аралык реестрине киргизүүнү сунуш кылды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тышкы иштер министри Руслан Казакбаев ФАОнун колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди жана ФАОнун Башкы директорунун орун басарын Кыргызстан ФАО менен кызматташуусун кеңейтүүгө кызыкдар экендигине ишендирди.