Руслан Казакбаев Түркияда кимдер менен жолугушуп, эмнени сүйлөштү? Тизме

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Түркиянын Анталья шаарындагы экинчи «Анталья дипломатиялык форумуна» катышуунун алкагында бир канча жолугушууларды өткөрдү. Бул тууралуу министрликтен маалымдашты.

11-март күнү министрдин Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунунун башкы катчысы Хельга Мария Шмид менен өткөн жолугушуусунда саясаттын жана коопсуздуктун актуалдуу маселелери, анын ичинде Украинанын айланасындагы кырдаал боюнча пикир алмашуу болду. Ал зарыл болгон учурда кыргыз тарап өз аянтчасын берүүгө жана тынчтыкты жана өз ара түшүнүшүүнү орнотуу үчүн ортомчулук жардамды көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.


Руслан Казакбаевдин Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов менен жолугушуусу болуп өттү. Тараптар соода жүгүртүүнүн көлөмүн 2 миллиард долларга жеткирүү үчүн кызматташуу жаатында биргелешкен ишти улантууга даяр экендигин билдиришти.


Тышкы иштер министри Экономикалык кызматташуу уюмунун башкы катчысы Хусрав Нозири менен да жолугушту. Анда экөө уюмдун алкагында кызматташуунун келечеги тууралуу пикир алмашышты.


12-март күнү Руслан Казакбаев Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов менен жолугушуу өткөрдү. Сүйлөшүүдө Украинадагы кырдаал жана Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы кызматташуу боюнча маселелер сөз болду.

Руслан Казакбаев Бириккен Араб Эмираттарынын экономика министри Абдулла бин Таук Аль-Марри менен жолугушту. Анда кыргыз-эмират өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиясынын 2-жыйынын өткөрүүнүн параметрлери аныкталды. БАЭнин экономика министринин пландалган иш сапарынын алкагында Кыргызстанга БАЭнин бизнес-делегациясы В2В иш-чараларын өткөрүү үчүн келет.

Руслан Казакбаевдин Словениянын Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик катчысы Станислав Рашчан менен да жолугушуусу болуп өттү. Министр Кыргыз Республикасы менен Словениянын ортосундагы экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-словения Өкмөттөр аралык комиссясын түзүү жана экономиалык кызматташуу жөнүндө макулдашууга кыргыз тарап кол коюуга даяр экендигин билдирди.

Дипломатиялык форумдун алкагында Ооганстан тараптын демилгеси менен тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин аталган өлкөнүн тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Амир Хан Моттаки менен жолугушуусу болуп өттү. Анда 2021-жылдын сентябрь жана октябрь айларында ооган элине гуманитардык жардам көрсөткөндүгү үчүн кыргыз тарапка ыраазычылык билдирилди. Амир Хан Моттаки Улуу жана Кичи Памирде жашаган этникалык кыргыздардын жыргалчылыгы үчүн ооруканаларды жана мектептерди куруу аркылуу Бадахшан облусун биргеликте өнүктүрүү боюнча долбоорду ишке ашырууну сунуштады. Руслан Казакбаев Ооганстанга электр энергиясын жеткирүү боюнча CASA-1000 долбоорун ишке ашырууга көңүл бурду. Ооган тарап континенттин түндүгү менен түштүгүн байланыштырган соода жолдорун түзүүнү сунуштап, Ооганстандан айыл чарба продукциясын ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттоого көмөк көрсөтүүнү өтүндү.

Руслан Казакбаев Түркия Республикасынын ички иштер министри Сулейман Сойлу менен да жолугушту. Министрлер кыргыз тараптын эки мамлекеттин чек арасынан жарандын ички паспортунун (ID-карта) негизинде өтүү жана визасыз режимди узартуу боюнча сунушун талкуулашты.