Руслан Казакбаевдин чакыруусу аркылуу келген Сауд Арабиянын тышкы иштер министри менен эмнелер сүйлөшүлдү? Тизме

20-21-март күндөрү кыргыз-сауд мамилелеринин тарыхында биринчи жолу Сауд Араб Падышалыгынын тышкы иштер министри, ханзаада Файсал бин Фархан Аль Сауддун Кыргыз Республикасына сапары болуп өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен маалымдашты.

Сауд Арабиянын Тышкы иштер министрлигинин башчысынын борбор калаага расмий сапары Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин чакыруусу менен эки тараптуу күн тартибиндеги бардык маселелерди талкуулоо максатында болду.

Министр Руслан Казакбаев кыргыз-сауд саясий кызматташтыгы эч кандай пикир келишпестиктердин жоктугу менен мүнөздөлөрүн жана акыркы мезгилде күч алып жаткандыгын баса белгилеп, буга байланыштуу саудиялык тарапка эки тараптуу мамилелерди стратегиялык өнөктөштүктүн деңгээлине чыгарууну сунуштады. Тараптар президент Садыр Жапаровдун Сауд Арабияга сапары боюнча биргелешкен координацияланган иш жөнүндө макулдашышты. Сапарга даярдык көрүү иштеринин алкагында төмөнкүдөй иш-чараларды уюштуруу зарылчылыгы боюнча өз ара түшүнүүгө келишти:

— Тышкы иштер министрликтери аралык саясий кеңешмелер;

— Кызматташтык боюнча биргелешкен Өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйыны;

— Кыргыз-Сауд бизнес форумун Бишкек шаарында өткөрүү;

— Бишкек шаарындагы Кыргыз-Сауд Маданият борборунун курулушу;

— Дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 30 жылдыгына арналган башка иш-чаралар (маданият күндөрү, туристтик форум, илимий конференциялар жана башка).

Кыргыз жарандарынын Сауд Арабиясына туристтик максатта барууга болгон кызыгуусу тездик менен өсүп жатканын эске алуу менен Руслан Казакбаев электрондук туристтик виза алуу жол-жобосун жеңилдетүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу өтүнүчү менен кайрылды. Өз кезегинде ханзаада Файсал Аль Сауд ага көрсөтүлгөн меймандостугу үчүн өлкөнүн жогорку жетекчилигине  ыраазычылыгын билдирип, Бишкекте болгон учурунда көтөрүлгөн келишимдерди жана демилгелерди ишке ашыруу үчүн бардык күч-аракетин жумшоого даяр экенин белгиледи.