Руслан Кыдырмышев президенттин коомдук башталыштагы кеңешчиси болуп дайындалды

Кыдырмышев Руслан Жаманакович Кыргыз Республикасынын президентинин коомдук башталыштагы кеңешчиси болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров кол койду.

Руслан Кыдырмышев 1982-жылы 3-ноябрда Бишкек шаарында туулган. Жаш кезинен тарта спорттун бир нече түрү менен машыккан. Таэквондо боюнча кара курдун ээси, машыктыруучу Мурат Бурхановдун колунда тарбияланган.

Билими:

1999-2004-жылдары Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин мамлекеттик башкаруу факультетинде билим алган;

2004-2006-жылдары Президентке караштуу Башкаруу академиясынан магистрдик билим алган;

Ишмердүүлүгү:

2006-жылдан тарта ишкерлик менен алектене баштаган;

2010-жылы — «Кыргыз элдик ишмерлер партиясы» саясий партиясын негиздеген («Кыргызская Народная Рабочая Партия»);

2011-жылы — Кыргыз Республикасынын бразилиялык версиядагы «Вале-тудо» аралаш мушташ федерациясынын вице-президенти;

2014-жылы — Бүткүл дүйнөлүк кулатуу эр таймаш федерациясынын президенти (WEF — World Ertaymash Federation — ред.);

2015-жылы — «Жаштар баңгизатка каршы» социалдык долбоорунун негиздөөчүлөрдүн бири;

2016-жылы — «Бакубат келечек» кайрымдуулук фондусун негиздеген;

2018-жылы — Кыргыз Республикасынын Тай бокс федерациясынын президенти болуп шайланган;

2019-жылы — Кыргыз Республикасынын Street Workout федерациясынын мүчөсү болуп дайындалган;

2020-жылы — Кыргыз Республикасынын «Нага Грэпплинг» Федерациясынын президенти болуп шайланган.

Үй-бүлөлүү, беш баланын атасы.