Рысалиев: «Мурдагы бийликтин 3 партиясы жаңы Ак Үй салып беришсин»

“Биримдик”, “Мекеним Кыргызстан” менен “Кыргызстан” жаңы Ак Үй куруп беришсин”. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев билдирди. Айтымында, жогорудагы үч партиянын эсебинен парламент менен президенттин аппаратынын жаңы имараты курулушу шарт. “Ак Үйдүн талкаланганына “Биримдик”, “Мекеним Кыргызстан” жана “Кыргызстандын” талапкерлери жоопкерчилик алышы керек”, — деди Рысалиев.

Буга “Биримдиктен” талапкер болгон депутат Евгения Строкова каршы чыкты. “Дагы бир жолу кайталайм, бардык партиялар акча беришти. Эгерде сиз берсеңиз, өзүңүз оңдой бериңиз. Мен бир тыйын да бербейм”, — деди Строкова.