Рыскелди Момбеков: «Ажобуздун биринчи иш сапары «ачуу басарга» баргандай эле кеп»

Президент Садыр Жапаров 2 күндүк иш сапары менен Орусия мамлекетине барып келди. Бул ажонун мамлекет башчы катары алгачкы иш сапары болду.

Буга байланыштуу СЕРЕП МЕДИА агенттиги Жогорку Кеңештин депутаттарына “Бул иш сапардан эмне күтүп жатасыз?”,- деп суроо салдык.

Депутат Рыскелди Момбековдун айтымында, бул ажонун биринчи иш сапары болгондуктан, бул жолкусунда чоң акчалар жөнүндө сөз болушу мүмкүн эмес.

“Бул ажобуздун биринчи иш сапары. Алгачкысын Орусиядан баштаганы туура деп баалайм. Орусия биздин негизги стратегиялык өнөктөш мамлекет. Биринчи жолугушуудан кандайдыр бир келишимдерди күткөн туура эмес. Анткени орус бийлиги бул ирет кыргыз бийлигин таанышуу иретинде чакырды. Мамилени биринчи көз менен, анан сөз менен бекемдешет. Бул жолугушууда чоң акчалар жөнүндө сөз болушу мүмкүн эмес. Кийинкисинде гана акча-каражаттар, жардамдар боюнча каралат. Бул – презентация. Кыргызча айтканда “ачуу басарга” баргандай эле кеп. Мында бир чоң экономикалык келишимдер болот деген ой менде жок. Эсиңиздерде болсо 2018-жылы орус президенти биздин мамлекетке келгенде 7 миллиарддык келишимдер түзүлдү деген. Аны биз алган жокпуз да. Кол коюлган боюнча калып калган. Мунун баары бийликтин туруктуулугуна, мамлекеттин стабилдүүлүгүнө, өлкө башчынын саясатына көз каранды болот. Президенттин авторитети кандай болсо орустардын мамилеси да ошондой болот”,- деди Момбеков.