Момбеков: «Каяктагы анекдотту айтып жатасыңар? «Асманды» эмне кыласыңар, 10 жылдан бери мектеп бүтпөй турат»

Депутат Рыскелди Момбеков бүгүн, 7-сентябрда комитеттик жыйында Военно-Антоновкада он жылдан бери курулуп бүтпөй жаткан мектептин маселесин көтөрдү. Ал сүйлөп жатып бийликти катуу сынга алды.

Анын айтымында, «Асман» шаарын салабыз дегендери, асманга көпүрө салабыз деген түшүнүк.

«Военно-Антоновканын мектебин 6 премьер-министр ачам деп барып, ача албай калды. 22-июнда ушул жерде биз чечим кабыл алганда айттык, «бүтөсүңөрбү?» десек «бүтөбүз, 29 миллион сом акча кенен жетет» деди. 1-сентябрга чейин ачабыз деген туурабы? Баарыбыз укканбыз. Эми ал жок. Мен ошол жерде жашайм. Мен элден качып калдым. Мен аларга «1-сентябрда балдарыңар барат» деп айткам. Эми мектеп урайын деп калбадыбы?! Ичинде иттер түнөп жатпайбы. Урматтуу өкмөт, эмне үчүн бир мектептин салынышы 10 жылга созулду. Анан каяктагы анекдотту айтып атасыңар? «Асман» деген шаарды салабыз 20 миллиардга» деп. Антоновкадагы мектепти бүтүрө албай жатып, «Асманды» эмне кыласыңар? 6 кирпичти коё албай атасыңар. 30 миң калк жашаган жерде 1 мектеп бар. Окуучулар 4 сменде окуйт. Анан каяктагы билим болот», — деди ал.