Момбеков: «Кыргызстан генералдар менен кембагалдардын өлкөсү болуп калбайбызбы?»

Бүгүн, 30-июнда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйыны өтүп жатат. Жыйынга бир нече мыйзам долбоорун сунуштап Башкы прокурор Курманкул Зулушев да катышып жатат. Депутат Рыскелди Момбеков мыйзам долбоорундагы 68-берене менен 87-беренелер боюнча кеп салды.

«68-беренеде генерал-полковник болуш керек, орун басарга генерал-лейтенант, анан облустугу генерал-майор деп жазылыптыр. Генералдар өтө эле көбөйүп кетпейби?» — деп сурады депутат.

«Эми сиз билесиз да атайын чин, аскердик чин бар. Эми бул боюнча жумушчу топтун мүчөсү жооп берсин», — деп жооп берди Башкы прокурор.

«Бул жерде клаасстык чиндер менен атайын наамдарга өтүү ченеми каралган. Укук коргоо органдарынын баарында атайын наамдар берилет. Ичинен прокуратура атайын класстын чин болчу мурда. Азыр ошону эле атайын наамга өткөрүп койдук. Наамдарды кошуу каралган жок», — деди жумушчу топтун мүчөсү.

«Путин полковник болуп турган кезде, биздики баары генерал болуп алса, генералдар менен кембагалдардын өлкөсү болуп калбайбызбы?», —  деди депутат.