Райымбек Матраимов туура бир апта мурда УКМК тарабынан кармалып, соттун чечими менен 2 айга камакка киргизилген. Матраимов кармалганда аны колдоп чыккандардын митингинде саясатчылардан бир гана эл өкүлү Таабалды Тиллаев болгон. Буга байланыштуу СуперТВ каналы «Кечээ эле Матраимовдордун тоюна жоон топ саясатчылар, Жогорку Кеңештин депутаттары, чиновниктер барып жатышкан. Бүгүн Матраимовдордун тарапташтарынын катарында бул саясатчылар көрүнбөй эле. Бул көрүнүшкө кандай комментарий берет элеңиз? Алар Матраимовдон жүз буруп кетиштиби?» деп суроо салдык.
«Райымбек Матраимовдун партиясына кирип, партиясы менен шайлоого баргандар кечээ митингине барышы керек болчу. Барса жигитчилик кылмак, барбаган итчилик»,- деди жогорку кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков SEREP MEDIA маалымат агенттигине.
Анын айтымында, эгерде ал Матраимовдун партиясы менен парлмаенттик шайлоого барган болсо, ал аны колдогон мтингдерге дагы катышмак. Ошондой эле депутат, «Мораль» деген нерсе бар экенин белгилеп, коррупционер болобу, миллионер болобу кеп анда эмес алака түзуп, партиясына киргенден кийин адамгерчилик болушу керек.
Сурамжылоону толугу менен шилтеме аркылуу көрө аласыз.