Рыспаев: «Ардагерлерге куран окутканды коюп, жоокерлердин курсагын тойгузуп алгылачы»

Бүгүн парламентте Улуу Ата Мекендик согушта сөөгү чет жакта калган кыргызстандыктарга куран окутуп келүү үчүн жакындарына акча бөлүп берүүнү караган мыйзам долбоору биринчи окууда каралды. Анын демилгечилери — Алмамбет Шыкмаматов менен Наталья Никитенко.

Наталья Никитенко согуш талаасында каза болгон жоокерлердин эрдиги мекенине тирүү келген ардагерлердики менен бирдей экенин белгилеп, өкмөттөн алардын жакындарына барып куран окутуп келүүгө акча бөлүп берүүнү суранды.

«Улуу Ата Мекендик согушта каза болгон мекендештерибиздин көбүнүн мүрзөсү табылбай калган. Азыр жаңы технологияларды колдонуу менен тигил же бул жакта биздин дайынсыз кеткен мекендештердин сөөгү табылып жатканы тууралуу маалыматтар келүүдө. Бирок ар бир эле кыргызстандыкта барып куран окутуп келүүгө акча боло бербейт. Бул мыйзам долбоору согушта дайынсыз кетип, кайра табылгандардын жакындарына мамлекеттин эсебинен мүрзөсүнө барып куран окуп келүүгө шарт түзүлсө деген максат менен жазылган. Бороновдун өкмөтү өз кезегинде кызыктай корутунду берген:  дайынсыз жоголгон 56 миң кыргызстандыктын 2ден тууганынын Германияга чейинки барып келген жолун эсептеп, кымбат деп коюшкан», — деп билдирди депутат.

Депутат Кожобек Рыспаев мыйзам долбоорунда маркумдардын жакындарынын барып-келген жолун каржылоо Коргоо министрлиги тарабынан болору жазылганын айтып, министрликтин жыйынга катышып отурган өкүлүнө кайрылды.

«Каржылоо Коргоо министрлигинен болот деп жазылыптыр. Бул боюнча силердин позицияңар кандай? Өзүңөр жоокерлериңерге паекке акча таппай жүрөсүнөр, эми анан куран окутуп келгенге үчтөн киши жөнөтүп турасыңарбы?», — деди Рыспаев.

Коргоо министринин биринчи орун басары Нурлан Кирешеев бул үчүн Коргоо министрлигинин бюджетинде акча каралбаганын билдирди. Анын айтымында, Республикалык бюджеттен акча бөлүп берсе, уюштурууга даяр.

«Акча бөлүп берсе, макулсуңарбы? Азыр экономика алсырап турат. Орусияга барыш оор болуп жатат. Анан мен да тууганымын деп, 3-4төн ээрчий беришпейби? Бүгүн мамлекетте айлыкты көтөрө албай турганда, мындай мыйзам долбоорун кабыл алган кандай болуп калат, ошону анализ жүргүзүш керек. Азыр билет баасы да кымбат болуп атат. Андан көрө солдаттардын курсагын тойгузбайлыбы? Экономиканы көтөрөлү. Алардын барып келгенинен эмне пайда?», -деди эл өкүлү.

Депутат Улугбек Садиков дагы буга каршы экенин билдирди.

«Сөөктү бул жакка алып келип көмө турган болсо, анда бул мыйзамды колдойт элем. Курандын кайда окулганынын мааниси жок, башкысы аты аталышы керек. Андан көрө башка маселени чечип албайлыбы?», -деди ал.

Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмасбек Абытов бул долбоор боюнча өкмөттүн «максатка ылайыксыз» деген расмий токтому бар экенин билдирди.

Мыйзам долбоорду колдогон да депутаттар болду. Акырында биринчи окууда кабыл алуу үчүн сунушталды.