Саат 10:00гө карата бюллетендерди кол менен саноо боюнча Садыр Жапаров үчүн добуш бергендер 83 пайыздан ашты

Шайлоо бюллетендерин кол менен саноо улантылып жатат. Жалпы жонунан автоматтык эсептөөчү урналар менен чыккан алдын ала жыйынтык көп өзгөргөн жок. Бүгүн, 12-январда саат 10:00гө карата кол менен саналган бюллетендердин 96 пайыздан ашууну иштелип чыгып, Садыр Жапаров добуш берүүчүлөрдүн 83 пайызынан көбүрөөгүнүн колдоосуна ээ болгон. Ал эми референдум боюнча президенттик башкарууга шайлоочулардын 83 пайыздан ашууну добуш берген.

Бюллетендер кол менен толук саналып бүткөн соң, шайлоонун расмий жыйынтыгы жарыяланат. Дагы 88 шайлоо тилкесинен келип түшкөн бюллетендер кол менен эсептелип чыгуусу калды.