Саат 10:00гө карата Токмокто 2 миң 866 жаран тандоосун жасады

Бүгүн, 11-июль саат 10:00гө карата Токмок шаардык кеңешке депутаттарды кайра шайлоодо 2 миң 866 жаран добуш берди. Ал жалпы шайлоочулардын 7,52 пайызын түзөт. Бул тууралуу маалымат жыйында БШКнын Токмок аймактык шайлоо комиссиясындагы атайын өкүлү Максат Турунбеков билдирди. Анын айтымында, Токмокто 6 партиядан 347 талапкер ат салышууда.

“Жалпы 13 арыз келип түшкөн. Анын 10у каралса, үчөө боюнча тергөө жүрүүдө. Эки партияга эскертүү берилип, экөөнө айып пул салынды. Калгандары каралууда”, — дейт ал.

Турунбеков кошумчалагандай, 10-июлда Токмокто 203 адам тилкеден тышкары шайлоого катышты.