Бүгүн, 11-июль саат 14:00гө карата Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештердин депутаттарын кайра шайлоодо добуш берүүчүлөрдүн саны 105 миң 362 же 17,06 пайызды түздү. Бул тууралуу БШКнын онлайн маалыматында көрсөтүлгөн.
Ага ылайык, Ош шаарынын тургундары активдүүлүгүн көрсөтүүдө, ал эми бишкектиктердин катышуусу солгун.
- Бишкек – 55 миң 515 адам же шайлоочулардын 13,01 пайызы;
- Ош – 40 миң 695 же 26,65 пайыз;
- Токмок – 9 миң 152 же 24,02 пайыз.