Саат 14:00гө карата Бишкек, Ош жана Токмокто депутаттарды кайра шайлоого добуш берүүчүлөрдүн 17 пайызы катышты

Бүгүн, 11-июль саат 14:00гө карата Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештердин депутаттарын кайра шайлоодо добуш берүүчүлөрдүн саны 105 миң 362 же 17,06 пайызды түздү. Бул тууралуу БШКнын онлайн маалыматында көрсөтүлгөн.

Ага ылайык, Ош шаарынын тургундары активдүүлүгүн көрсөтүүдө, ал эми бишкектиктердин катышуусу солгун.