Саат 16:00гө карата Бишкек, Ош жана Токмокто депутаттарды кайра шайлоого добуш берүүчүлөрдүн 21,4 пайызы катышты

Бүгүн, 11-июль саат 16:00гө карата Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине депутаттарды кайра шайлоодо 132 миң 139 адам добуш берди. Бул тууралу БШКнын сайтында жазылат. Ал жалпы шайлоочулардын 21,4 пайызын түзөт.

Аталган шаарларда шайлоочулардын тизмесине жалпы 617 миң 517 жаран киргизилген. Бишкек шаардык кеңешке депутаттарды кайра шайлоого 18, Токмок шаардык кеңешке 6, Оштукуна 8 саясий партия катышууда.