Саат 16:00гө карата президенттик шайлоого жана референдумга катышкандар 27 пайызга жете элек

Бүгүн, 10-январда президенттик шайлоо жана референдум өтүп жатат. Бул жолку добуш берүүдө буга чейинки шайлоолорго салыштырмалуу жарандар пассивдүү болуп жатышат. Саат 16:00гө карата президенттик шайлоого жана референдумга добуш берген шайлоочулардын саны 27 пайызга жете элек. Мындайча айтканда, 950 миңдей жаран добуш беришти.

Добуш берүүгө катышуунун көрсөткүчү референдум үчүн маанилүү, анын кабыл алынышы үчүн жок дегенде жалпы шайлоочулардын 30 пайызы катышуусу  керек. Президенттик шайлоого келсек, анын жыйынтыгы катышуудан көз каранды эмес. Шайлоого келген добуш берүүчүлөрдүн жарымынан көбүнүн колдоосун алган талапкер жеңүүчү болуп саналат. Эгерде 50 пайыздан көп добуш ала албаса, анда экинчи тур жарыяланат.

Саат 8:00дө Кыргыз өлкөсүнүн аймагында 2,5 миңге жакын шайлоо тилкеси ачылып, алар кечки саат 8:00дө жабылат. Мындан тышкары чет өлкөлөрдө 50гө чукул шайлоо тилкеси бар. Добуш берүүчүлөрдүн жалпы саны 3 миллион 563 миң 574 жаранды түзөт.