Саат 18:00гө карата шайлоочулардын 30 пайыздан ашууну добуш берди. Референдумду өттү деп эсептесе болот

Саат 18:00гө карата шайлоочулардын 33 пайызынын тегереги президенттик шайлоого жана референдумга  добуш берди. Референдумду өттү деп эсептесе болот. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.

Мындайча айтканда, жарандык милдетин 1 миллион 178 миңден ашуун жаран аткарган. Аймактарды алып карасак, шайлоого эң активдүү Ысык-Көл облусунун тургундары, ал эми эң пассивдүү Чүй облусунун тургундары катышкан.

Добуш берүүгө катышуунун көрсөткүчү референдум үчүн маанилүү, анын кабыл алынышы үчүн жок дегенде жалпы шайлоочулардын 30 пайызы катышуусу  керек. Президенттик шайлоого келсек, анын жыйынтыгы катышуудан көз каранды эмес. Шайлоого келген добуш берүүчүлөрдүн жарымынан көбүнүн колдоосун алган талапкер жеңүүчү болуп саналат. Эгерде 50 пайыздан көп добуш ала албаса, анда экинчи тур жарыяланат.