Сабиров: «Иштебей токтоп турган компаниялардын ишмердүүлүгүн жандандыруу зарыл»

Бүгүн, 19-декабрда вице-премьер Равшанбек Сабиров Ош шаарында өткөн Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин коллегиясынын отурумуна катышты. Ал белгилегендей, өндүрүш тармагын өнүктүрүү жана инвестициялык климатты жакшыртуу үчүн өнөр жай тармагынын интерактивдүү картасын түзүү зарыл.

«Пандемияга байланыштуу өнөр жай тармагындагы төмөндөө 5,5 пайызды ды түздү. Бул жагдайды чогуу оңдошубуз керек. Кластердик ишканаларды түзүү жана аларды ишке киргизүү боюнча иш-чаралар канааттандырарлык эмес. Ошол эле учурда жаңы өнөр жай ишканаларын инфраструктура менен камсыз кылуу маселесин өзгөчө белгилегим келет. Инвесторлорду электр энергиясы менен камсыздоо жана башка болгон маселер тез арада чечилүүгө тийиш», — деди Равшанбек Сабиров.

Вице-премьер тоо кен тармагы боюнча токтолуп, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекция экологиялык коопсуздукту көзөмөлдөө боюнча ишти күчөтүшү керектигин белгиледи.

«Тармактык мамлекеттик органдар жана жергиликтүү бийлик тоо кен ишканаларынын үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылышы зарыл. Ошол эле учурда жергиликтүү калктын жана инвесторлордун кызыкчылыктарын эске алуу менен тараптардын компромисске келүүсү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү шарт», -деди Равшанбек Сабиров.

Коллегиянын соңунда вице-премьер тармактык мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү бийликке иштебей токтоп турган компаниялардын ишмердүүлүгүн жандандыруу жана калкка түшүндүрүү иштерин күчөтүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.