Сабиров көрүп кеткен Жалал-Абад — Маданият жолуна эки күндөн кийин Мамытов барды

Президенттин милдетин аткаруучу, спикер Талант Мамытов бүгүн, 20-декабрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Маданият — Жалал-Абад автожолунун курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Транспорт жана жолдор министри Бакыт Бердалиев билдиргендей, долбоорго асты 9 сантиметр жана үстү 6 сантиметр болгон асфальтбетон катмарынан турган экинчи категориядагы 67 чакырымдык жолду төшөө, ошондой эле 181 түтүктүн жана 9 көпүрөнүн курулушу кирет.

Мамытов Маданият — Жалал-Абад бөлүгүнүн курулушу Бишкек-Ош автожолун реконструкциялоо долбоорунун бир бөлүгү экенин, өз кезегинде транспорттук коридорлорду өркүндөтүү боюнча Борбор Азия аймактык экономикалык кызматташуунун ири долбоорлорунун бири болуп саналарын белгилеп өттү.

Эки күн мурда эле ушул эле жолдун курулуш иштери менен вице-премьер Равшанбек Сабиров таанышып кеткен болчу.